Динара Акматова Жумгал райондук Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, Айымкан Керимбай кызы Сокулук райондук Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчилери болуп дайындалды. Социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлагандай, бул кызмат орундарга сынак жарыяланып, 68 арыз түшкөн. Алардын 16сынын документи туура эмес болуп калса, 3 талапкер сынактан баш тарткан. 6 талапкер тест тапшырууга келбей калган.