Египетте расмий түрдө каттоодон өткөн 300дөй кыргызстандык студент бар. Бул тууралуу 16-августта ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Учурда Египетте болуп жаткан окуялардан жабыркаган кыргыз жарандары жок. Эскерте кетсек, Египетте болуп жаткан жарандык согуштун кесепетинен акыркы 2 күндүн ичинде 600 жаран каза болуп, миңден ашууну жаракат алды.