Беларустун "Неман" клубунун башкы машыктыруучусу Иван Ковалевич Гүлжигит Алыкуловго кызыккан клубдар көп экендигин айтты.
Бул тууралуу ал жергиликтүү каналдарынын биринде айткан.
"Алыкулов "Неман" менен 3 жылга келишим түзгөн. Ал бул сезондо мыкты оюн көргөздү, ага кызыгуу жаратып, Европа жана Орусиянын клубдары кезекке туруп калышты. "Неман" аны курамда сактай албай калат го. Жакында эле Алыкуловго Казакстандын "Кайрат" клубу "майлуу" келишим сунуштаган, бирок менин билишимче Алыкулов андан баш тарткан. Ал Европаны каалап жатат", - деп айтты машыктыруучу.