Бүгүн, 10-декабрда АФК Кубогунун тайпалык оюндарынын чүчү кулагы болуп өттү. Анда "Дордой" командасынын атаандаштары белгилүү болду.
"Дордой" командасынын тайпасында Түркмөнстан чемпиону "Алтын Асыр", Тажикстандын "Истиклол" же "Регар-Тадаз" клубдары ("Истиклол" Азиянын Чемпиондор Лигасына өтүп кетсе, "Регар-Тадаз" катышат) жана "Нефтчи" (Кочкор-Ата), "Ахал" (Түркмөнстан) жана "Худжанд" (Тажикстан) командалардын жеңүүчүсү болот.
1-турдук оюнда Бишкекте "Дордой" "Алтын Асырды" кабыл алат.