Ош. Баңгизат жана жасалма акча алып жүргөн жаран кармалды
Ош
ШИИБинин кызматкерлери тарабынан
14-августта шаардан баңгизат жана жасалма акча
менен бир жаран кармалды. ШИИБинин басма сөз кызматынын жетекчиси Замир
Сыдыковдун айтымында, кылмышка шектүүнүн автоунаасын текшергенде 2,53
грамм героин жана 500 сомдук
акчадан 41 даана чыккан. “Акчалар жасалма болгон, баары BB 3083906 сериясы менен”,-
дейт Сыдыков. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.