Аида Салянова: "Башкы прокуратура Равшан Сабировдун кылмыш жасагандыгын далилдеген жетиштүү материалдарды чогултту"
Башкы прокуратура Равшан Сабировдун иши боюнча Биринчи Май райондук сотуна арыз менен кайрылды. Бул тууралуу Баш прокурор Аида Салянова журналисттерге берген маалымат-жыйынында билдирди. Анын айтымында, мурунку Социалдык өнүктүрүү министрлигинин жетекчиси Равшан Сабировдун кылмыш жасагандыгы тууралуу прокуратурада жетиштүү материалдар чогултулду.