Бүгүн, 11-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө Дүйшөнбек Зилалиевге карата кылмыш иши боюнча соттук отурум болуп өттү. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Бүгүнкү отурумда Зилалиевдин жактоочусу судьядан баш тартуу жөнүндө өтүнүч келтирди. Судья соттогу катышуучулардын ой-пикирин угуп, келтирилген өтүнүчтү канаттандыруусуз калтырды. Кийинки отурум 25-декабрь күнү саат 14:00гө жылдырылды.
Маалыматка ылайык, Зилалиев "мыйзамсыз баюу" деген берене менен айыпталууда.