Хоккей боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү кышкы Олимпиада оюндарына тандоо мелдешинин экинчи туруна катышуу үчүн Румынияга жөнөп кетишти. Мелдеш 12-декабрдан 15-декабрга чейин Брашов шаарында өтөт.
Кыргыз курама командасы Румыния, Исландия жана Израиль командалары менен беттешет.
Эртең 1-турда Кыргыз курама командасы Исландия менен беттешет.
Кыргыз командасынын курамы:
Дарбазачылар: Кадыр Алымбеков («Кыргыз-Темиржолу); Александр Петров («Дордой»);
Коргоочулар: Эрназар Исаматов, Артём Горобец, Александр Титов, Максим Егоров, Кузьма Терентьев, Эрсултан Мирбеков, Владимир Тонких (баары «Дордой»); Адис Качкынбаев (КТЖ); Артур Аяпов («Алма-Ата»);
Чабуулчулар: Олег Колодий, Уран Турсунбеков, Владимир Ничипуренко, Жанболот Тагаев, Михаил Чувалов, Владимир Носов (баары «Дордой»); Антон Кудашов (КТЖ); Ажымухамед Улугбек уулу («Арстан»); Андрей Тришкин («Алма-Ата»);
Башкы машыктыруучу — Павел Сазонов