15-августта Ош шаарындагы Р.Абдыкадыров көчөсүндө жайгашкан №113-кесиптик лицейдин жатаканасынан өрт чыккан. ӨКМнын басма сөз кызматынын билдиришинче, өрттүн кесепетинен 25 даана төшөк күйүп кетти. Жабыркаган адамдар жок. Учурда өрт кырсыгынын себеби жана келтирилген чыгымдын суммасы такталууда.