Ысык-Көлдүн Тоң районуна караштуу Жер-Үй айылында 15-августта катуу жааган жамгырдан кийин сел жүрдү. Кырсык болгон жерге өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов барып, кырдаал менен таанышты. ӨКМнын Тоң районундагы бөлүмүнүн башчысы Өмүрбек Чоконбаев айылдагы бир мүрзө, айдоо аянттары селдин астында калганын, учурда бузулган жерлерди оңдоо иштери жүрүп жатканын айтты.