Кыргыз эстрадасында чачынын өзгөчө түсү, өзгөчө чач жасалгасы менен айырмаланган жылдыздар бар. Аларды бир көрсөң чачы жашыл болот, бир карасаң кызыл болот. Айтор, бул ирет талантынан тышкары экспериментти жакшы көргөн ырчыларды чогулттук.
Айнура Тургунбаева, актриса: "Чачымды кырдыртып салгам"
Сакиш каймана аты менен таанымал актриса, куудул Айнура Тургунбаева эксперимент кылганды жактырат. "Менин чачым элдикиндей коюу, жандуу эмес. Ошондуктан дайым кыска алып жүрөм. Бир кезде чачым түшө бергенинен кырып деле салгам. Чачымды кышында кырдыргандыктан, көчөдө баш кийим кийчүмүн да, театрга келгенде чечип койчумун. Кийинчерээк бир тарабын кырдыртып, чачымды сыя түскө боётуп салгам. Өзүмдүн чач кырккан мастерим бар, бир жолу ага барсам, "келиңиз, сыяга боёп көрөлү" деди эле ойлондум да, макул болдум. Кыска чачтын жакшы жагы бат кургайт, жеңил да жүрөсүң. Эгер сапаттуу боёкту колдонсоң, көпкө жетет", - дейт актриса.
Салтанат Аширова, ырчы: "Жолдошум менен ажырашкандан кийин жашоомду өзгөртүүнү чечкем"
"Фрунзе" ырын ийине жеткире аткарган ырчы, учурда казакстандык "Топ жарган" музыкалык шоу берүүсүнө катышып жаткан Салтанат Аширова да чачынын түсүн бат-бат өзгөртүп турат. "Чачымдын ар кандай түстө болушу менин жан дүйнөмдүн абалынан кабар берет", - дейт ырчы. Салтанат айым да кезинде эл катары узун, кара чачтуу болгон. Турмушунда сыноо болуп, жолдошу менен ажырашкандан кийин жашоосун өзгөртүүнү чечкен. Албетте, өзгөрүүнү чачтан баштаган. "Алгач узун чачымды кыска кылып кестирдим да, саргыч кылып боёттуруп салдым. Андан кийин эксперименттер башталды, ачык сыя, күлгүн, ток сары, айтор, көп түскө боёдум. Бир маалда ачык түстөрдөн тажап кетип кайра кара өңгө өтүп алдым. Чачымдын каптал тарабын кырдыртып да көрдүм. Андан соң көк, жашыл, сыя түстөргө боёп жаттым. Жакында кыска чачтан тажап кетип, узун кылып афрокосы (атайын өрдүртүү) кылып өрдүртүп салдым. Ал чач жасалгадан да тажап, чачымды кайра кыскарткам, бирок эми кайра афрокосы кылгым келип жатат.