UFC жетекчиси Дана Уайт Конор Макгрегор менен Хабиб Нурмагомедов кайра беттешиши мүмкүн экендигин айтты. Чет элдик каналга маек берип жатып, Уайт реванш беттешти уюштурса болорун билдирди.
"Эгерде Хабиб Тони Фергюсонду утса, ал эми Конор Дональд Серронени жеңе алса, анда эки мушкер кайра беттешиши толук мүмкүн", - деди Дана Уайт.
Хабиб Фергюсон менен 18-апрелде, Макгрегор Серроне менен 18-январда беттешет.