"Жылаңач баатыр" долбоорунун финалисти, ырчы Саниа түркиялык сериалга тартылууда. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына билдирди.
"Учурда мен түркиялык сериалга тартылып жатам. Сериал "Сыйкырдуу дарыгер" ("Muize doktor") деп аталат. Анда мен дарыгердин ассистентинин ролун ойнойм. Кызыгы, мени кастингге катыштырышкан жок. Сериал боюнча башкы менеджер бөлмөсүнө чакырып, ар кандай эмоциямды камерага тартып алды, ошону менен өтүп кеттим. Аталган сериалдан тышкары, дагы эки сериалга сунуш түштү. Азырынча алардын съёмкасы баштала элек", - дейт Саниа.