ЭЛДИК ВИДЕО: "Чакыр атаңды, кел де". Интернетте баласын сабаган келиндин жоругу талкууда

Интернет тармактарына "Күйөөсүнө өчөшүп аял балдарын сабап жатат" деген видео тарады. Видеодон баланы аял тилдеп, кулагынан тартып, кайра түртүп уруп жатканы көрүнөт. Баланы сабап жаткан аялдын сөздөрүнө караганда, ал баланы күйөөсүнө өчөшүп сабаган. "Атаңа айт, апам сабап жатат де. Чакыр атаңды, кел де. Мен да таштап кетем сени", - деп тилдеп урган. Бул ортодо бала аялды "апа" деп атап ыйлап жатканы тартылган видеого.

Интернет колдонуучулар аялды мыкаачы деп сыпатташып, аял-күйөөнүн ортосундагы мамиле үчүн бала жазаланбашы керек деген пикирлерин жазышууда. Арасында аны энелик укуктан ажыратуу керек дегендер да бар. Ошол эле учурда балдардын атасынын да жоопкерчилиги каралышы керек, аял бул видеону балдардын атасына көрсөтүү үчүн тарткан деген билдирүүлөр жазылган.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы бул видеодогу аялдын аты-жөнүн тактоо иштери жүрүп жаткандыгын, бүгүн кечке чейин белгилүү болорун маалымдады.

Баласынын кулагынан тартып сабап жаткан келин
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
kechirmeni
2019-12-13 11:11:22
Журогун эзилип, ыйлагын келет да ушундай айбандарды коргондо, балада эмне куноо
+11
Shabi
2019-12-13 13:22:39
kechirmeni,укук коргоо органдары.биринин ###### бири чукулабай,издеп таап чара корбойбу.
+4
Muslim.azamatovich
2019-12-13 11:44:18
Эшек десе,балада эмне куноо
+5
Margo82
2019-12-13 11:57:27
Ээ кудай бироолорго кор,бироолорго зар Бала((((Акмактар куйоосунун куноосу болсо кошо жооп берсин.Туугандары бардыр тезинен балдардын жанына барышсынчы.Супер инфо кабар алып турунуздар.
+3
murat17
2019-12-13 13:34:26
Margo82,куйоосу деле же иштеп бир жерде журот же ушул аялынын дартынан уйуно дагы келгиси келбесе керек
+5
zamir73939
2019-12-16 00:57:48
Margo82,Баары жакшы рахмат туугандар
0
Agayu
2019-12-13 13:13:07
Эшек эшек дейсиңер , качан көрдүңөр эшек годелегин тиштеп кыйнаганын. Азыр адам менен эшектин акылы алмашып калган .Бул келинди маңкурт десек болот.Дөнөңбай маңкурт өз энесине жаа атканго. Бул маңкурт өз балдарына кол салып атат бир күйө үчүн.
+7
murat17
2019-12-13 13:32:57
Agayu,туура
0
murat17
2019-12-13 13:36:44
мына урматуу демократиянын аялдары бир нерсе болсо эле исламды жамандап жатып калат эленер ушулбу мээнердин жетишкендиги ушулбу силердин заманбаптыгынар эгер ушул болсо тфу силерге
+2
Nevestkaa
2019-12-13 14:14:23
Боздоп ыйлаганына жүрөгүм чыдабады.Мындай видеолорду чыгарбагылачы алыста жүргөн бизге кыйын экен мындай жагымсыз окуяларды көрүш.
+4
Makain
2019-12-13 14:25:45
Сартеныш [moderated]ыгын кылыптыр
-1
kechirmeni
2019-12-13 16:15:01
урматтуу админдер жыйынтыгын айтып койгула сураныч, ичим бышып атат эмне себептен урганына
0
zamir73939
2019-12-16 00:59:01
kechirmeni, Баары жакшы рахмат
0
janym_balam
2019-12-13 17:41:56
Ыйлагым келди. Балдардын аң-сезимине доо кетет да мындай мамиле кылса, энелик укуктан ажыратуу керек. Эмне учун бетин бекитип койдунар, эл коруп таанып билсин да мындайларды?
-1
Mystery
2019-12-13 17:52:54
Солдурогон атасы кайда журот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан