"Манчестер Сити" футболчуларына Рождество майрамына карата уюштурулган кечеге баруусуна клубдун башкы машыктыруучусу Пеп Гвардиола тыюу салды.
Машыктыруучунун пикиринде, майрамдык кече футболчулар үчүн терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Анткени алдыда олуттуу оюндар бар. Мурунку жылы футболчулар кечеге катышкан, бирок андан кийин эки оюн катары менен утулуп калышкан.
"Манчестер Сити" Чемпиондор Лигасында "Динамону" Загребде утуп келип, бүгүнкү күнү кайра машыгууга чыгышкан.
"Сити" Премьер-Лигада "Ливерпулдан" 14 упай калып, жадыбалда 3-орунда келе жатат.