Орусиянын Хабаровск шаарында Кыргыз жарандары ОМОН тарабынан ур-токмокко кабылды

Орусиянын Хабаровск шаарында 12-декабрда ОМОН кызматкерлери 73 мигранттардын документтерине текшерүү жүргүзүп, аларды ур-токмокко алган.

Сабалган кызматкерлер "Васильев" автопаркынын айдоочулары болушкан. Алардын арасында Кыргыз жарандары бар. Сабалгандардын айтымында, ОМОН кызматкерлери орой мамиле жасап, ур-токмокко алып, күч колдонуп кармап кетишкен.

Бул окуя боюнча Кыргыз мамлекетинин миграция агенттиги Орусия Ички иштер министрлиги менен байланышып, сүйлөшүү жүргүзгөн. Анда Орусиянын ички иштер министрлиги аталган факты боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп, кылмыш иши козголору айтылган.

Бул окуядан кийин сабалган эки Кыргыз жараны ооруканага жеткирилген. Калгандары үйлөрүнө коё берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
bekbol2006
2019-12-14 14:45:54
Ушундай нерсеге бийлик реакция кылса аларда ойлонуп калмак
+16
Muslim.azamatovich
2019-12-14 16:08:24
Кыргызстанды тоготмок беле Россия
+2
elchi84
2019-12-14 16:35:01
Жазага тартыш керек Омондорду .
0
JaneEr
2019-12-14 16:54:09
Валентина Чупикке кайрылышсын башка айла жок
+2
akmanai
2019-12-15 04:01:35
Кыргыз мамлекетинин миграция агенттиги
Орусия ички иштер министирлиги менен байланышып, суйлошуу жургузгон. Кылмыш иши козголоору айтылган деп турат го. Неге мындайсынар? Жалан жаман жагын эле издей бересинер? Россия деген Кыргызстан эмес. Карга карганын козун
чукубайт деп бутуруп салгыдай.
-4
Dembele84
2019-12-15 10:47:00
Норма
0
Azatbek.Svoboda.
2019-12-15 20:41:56
Президент баш болуп депутаттар тош болушуп мигранттарга женилдик кылдык барып иштегиле деп жатышат!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан