Кыргыз мушкери Азат Усеналиев Орусияда өтүп жаткан “Мунай мамлекеттеринин дүйнө Кубогу” аталышындагы эл аралык мелдештин жеңүүчүсү аталды.
Усеналиев 52 килограмм салмакта күч сынашып, Азербайжан, Өзбекстан жана Орусия өлкөлөрүнүн мушкерлерин жеңип финалга чыккан. Финалда кыргыз мушкери эквадорлук Луис Дельгадо менен кез келип, калыстардын чечими менен жеңүүчү аталды.
Буга чейин Эркин Адылбек уулу ушул турнирде коло медаль тагынган.