“2-сентябрь Кыргызстанда иш күн эмес”,- деп билдирди Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматы. 31-август – Көз карандысыздык күнү аптанын дем алуу күнү – ишембиге туш келүүдө. Буга байланыштуу 5 күндүк жумуш тартиби менен иштегендер үчүн эс алуу күнү 2-сентябрь – иш күнүнө жылдырылды. Эмгек кодексинин 113-беренесинин 3-бөлүмүнө ылайык, майрам даталары дем алыш күндөргө туш келип калса, анда дем алуу күнү майрам күндүн эртесине жылдырылат.