КСДПнын атайын өкүлү Кундуз Жолдубаева бүгүн, 16-декабрда ИИМдин Тергөө башкармалыгында сурак берет. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев билдирди. Жактоочунун айтымында, Жолдубаевага чакыруу бүгүнкүгө саат 11:00гө келген.
"Учурда Жолдубаева Тергөө башкармалыгында суракка кирүү алдында турат. Сурак Кой-Таш окуясынын тегерегинде өтүүдө. Бүгүн беттештирүү болот", - деди ал.