Бүгүн, 16-декабрда Эл аралык "Манас" аэропортунун аймагын коюу туман каптады. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматынын өкүлү билдирди.
"Аймакка түшкөн туман коюу болгондуктан, 50 метр аралык гана көрүнүүдө. Буга байланыштуу каттамдардын өз убактысында учуусу кармалып жатат. Киргизилген убактылуу чектөөлөр үчүн кечирим сурайбыз. Аэропорттун бардык жүргүнчүлөрү жана конокторуна түшүнүү менен мамиле кылуусун суранабыз. Коопсуздук баарынан кымбат", - деп айтылат маалыматта.
Каттамдар тууралуу маалыматты 0 (312) 69 31 09 телефон номери аркылуу тактап алууга болот.