Баткенде шахта басып калган 3 адамдын экөөсү табыла элек. 80 метр тереңдиктеги шахтанын 69 метри тазаланды

Баткен облусунун Самаркандек айылында көмүр шахтасы басып калган 3 адамдын экөөсү табыла элек. ӨКМ билдиргендей, издөө иштерине 16-август күнү министрликтен 22 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 60 адам тартылып, 80 метр тереңдиктеги шахтанын 69 метри тазаланды. Эске салсак, 13-августта Самаркандек айылында жамгырдан кийинки селден улам көчүп түшкөн шахта анда иштеп жаткан 3 адамды басып калган. Издөө иштеринин натыйжасында, 15-августта шахтада калган 3 адамдын бири 1977-жылы туулган Б.Айдаровдун жансыз денеси табылган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан