"Супер тандоо-2019": Күтүүсүз белектер, өзгөчө сыйлыктар (2-бөлүк)

Жылдын мыктыларын тандоо аземи "Бишкек Парк" соода борборунда акысыз өткөрүлдү. Андыктан концертти көрүүчүлөр аябай көп болду. Сыйлыкты тапшыруу аземи концерттик программа менен гана коштолбостон, көрүүчүлөр арасында кызыктуу оюндар уюштурулду. Активдүүлүгү менен айырмаланган көрүүчүлөр акчалай сыйлыкка да ээ болушту.

Курал Чокоев менен Ильяз Андаш "Сейдакматтын ырын" жаздырышканына көп болду. Бирок бул ыр эч качан популярдуулугун жоготпой келет. "Ачуу айрын ичели" деп ырдаган ырчылар залды шаңга бөлөштү.

Жандуу ырдан кийин ырчы мырзалар сахнадан кетпей "Жылдын супер дуэти" наамынын жеңүүчүлөрүн Талант 60'К, Айя Садырованы чакырып, сыйлыкты ыйгарышты. Аткаруучулар аларга добуш берген күйөрмандарына ыраазычылыгын билдирип, "Сүйүү балын" аткарып өтүштү.

"Биз аягына чейин Эрлан менен Ирина Шотт утса керек деп ойлодук. Качан гана "Сүйүү балы" деп ырыбызды аташканда бетиме кан жүгүрдү", - дейт Талант 60К.

Жыл сайын жаңыртылган ырлар көп чыгат. Быйылкы жылдын эсебинен күйөрмандардын колдоосу менен Нурлан Насип менен Асел Кадырбекованын аткаруусундагы "Ырдалып бүтпөйт махабат" ыры "Жылдын супер ремейки" аталды. Жеңүүчүлөргө сыйлыкты аталган ырдын автору Кыргыз Эл артисти Каныкей Эралиева тапшырды.

Анан, албетте, Нурлан менен Асел жеңиш алып келген ырын сахнадан аткарып өтүштү.

"Жылдын тандоосунда" кино жааты да четте калбайт. Мындан 10 жыл мурун тасмалар тартылганы менен киного арналып атайын ыр жаздырылчу эмес. Кийинчерээк саундтрек да кинонун жакшы жарнамасы экенин түшүнүп, киночулар ырга да көп көңүл буруп башташты. Быйылкы жылдын эсебинен жазылган саундтректердин арасынан мыкты деп Мирбек Атабековдун "Бир өзүң" (Апамды издеп-2") аттуу ыры табылды. Наамды Кыргыз Республикасынын Эмгек сиӊирген артисти Гүлзада Рыскулова Мирбек Атабеков өлкөдө жоктугуна байланыштуу жардамчысына тапшырды.

"Non-Stop" дуэтинен чыгып, учурда жеке ырчы катары ырдап келаткан Чолпон Талипбек "Таппадым сендей" аттуу ыры менен концерттик программаны улантты.

Жогоруда айтып өткөндөй, концерт кызыктарга, сюрприздерге бай болду. Бул ирет бакыт кушу Съездбек Искеналиевге буюрду. Кандай бакыт кушу дебейсиздерби? Ырчы мырза "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу менен "Жылдын сахна адамы" деген наамга ээ болду. Наамды гезиттин башкы редактору Автандил Добулбеков тапшырды.

"Мен жаңы сахнага аттанган күндөн баштап "Супер-Инфо" гезити менен канатташ болуп келатам. Мага чоң дем бердиңер. Ушундай демден кийин кантип сонун ыр жазбай коём? Буюрса, алдыда жакшы чыгарма жаратам деп сөз берем".

Гүлжигит Калыковдун “Эне жөнүндө баллада” клиби жарык көргөндө абдан таасирдүү, маанилүү тартылган деп көпчүлүк баалаган. Аталган клип да "Жылдын супер клиби" наамына ат салышып, жеңишке жетишти. Гүлжигитке сыйлыкты белгилүү режиссёр Сүйүн Откеев ыйгарды.

"Бул менин клип боюнча экинчи ирет алып жаткан сыйлыгым. Буга чейин "Кайрылбаймын" деген клибим да "Жылдын супер клиби" аталган. Күтүлбөгөн жерден мага сыйлык ыйгарган "Супер-Инфо" гезитине ыраазычылык билдирем".

"Супер тандоо-2019": Нурлан Насип, Асел Кадырбекова, Манас Ниязов... Жылдын суперлери аныкталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан