Бүгүн, 16-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Бакчиев УКМКга суракка чакыртылган. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы өздүк булактар маалымдаган.
Ага ылайык, Жаныбек Бакчиевди суракка чакыруунун себеби - ал Каттоо кызматында жетекчи болуп тургандагы ишмердүүлүгүнө байланыштуу экендиги айтылган.
Маалым болгондой, Жаныбек Бакчиев УКМКда 3 саат сурак бергенден кийин коё берилген. Бирок ал кайра чакыртылышы мүмкүн экендиги эскертилди. Тергөөчү кайсы жагдайлар боюнча сурак алганы белгисиз.
Бакчиев Каттоо кызматынын жетекчисинин кызматын ээлеп, андан 2011-жылы кеткен.