Бүгүн, 17-декабрда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда Кыргыз улуттук искусство музейин оңдоп-түзөө жана Чолпон-Атадагы ат майданды реконструкциялоо боюнча соттук отурум уланууда.
Анда мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков отурумга күч менен алып келингендиги айтылды. Буга карата Исаков нааразычылыгын билдирип: "Мен мындай укуктук мыйзамсыздыкка каршымын. Отурумга катышуудан баш тартам", - деди.
Отурум сот Марат Сыдыковдун төрагалыгында өтүүдө.