Тарых музейи боюнча соттук отурумдан Исаковду чыгарышты

Бүгүн, 17-декабрда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда музейди оңдоп-түзөө жана Чолпон-Атадагы ат майданды реконструкциялоо боюнча соттук отурум уланууда.

Ага мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду күч менен алып келишкен. Бирок айыпталуучу бир нече билдирүү жасап: "Мен бул оюнга катышуудан баш тартам. Эмнеге отурумга катышпайм десем дагы, күч колдонуп алып келишет? Мен эми Сооронбай Жээнбековго карата протест көрсөтөм", - деди.

Мындан кийин сот аны "соттук териштирүүнүн тартибин бузгандыгы үчүн" сот залынан чыгарды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан