16-августта Нарын райондук прокуратурасы 15 жергиликтүү жашоочуга эмгек миграциясын уюштурганы үчүн Нарын райондук ИИБинин кызматкерлерине карата кылмыш ишин козгоду. Маалыматка ылайык, Нарын РИИБинин айрым кызматкерлери Нарын облусунун 15 тургуну үчүн Казакстандын Тараз шаарында мыйзамсыз эмгек миграциясын уюштурганы белгилүү болгон. Облус тургундары Казакстандын аймагында үстүбүздөгү жылдын 16-июнунан 10-июлуна чейин эч кандай эмгек келишимисиз жана айлык акысыз иштешкен. Кыргызстанга кайтуу үчүн алар чек араны мыйзамсыз кесип өтүшкөн. Мындан улам алар Казакстандын чек арачылары тарабынан мыйзамсыз чек арадан өткөндүктөрү үчүн административдик тартипте айыпка тартылган. Учурда аталган факты боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.