Президент Сооронбай Жээнбеков Ислам өнүктүрүү банкынын президенти менен жолугушту



Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-декабрда Сауд Арабияга барган расмий иш сапарынын алкагында, Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Бандар М.Х.Хаджар менен жолугушту. Анда эки тараптуу экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун азыркы абалы жана келечеги талкууланды.

Мамлекет башчысы транспорт, калкты таза суу менен камсыздоо, саламаттыкты сактоо тармактарындагы долбоорлорду ишке ашырууда көмөктөшүү үчүн ыраазычылык билдирди. Банк жана Кыргыз мамлекетинин ортосундагы Стратегиялык өнөктөштүк боюнча документтин долбоорун иштеп чыгууну сунуштады.



Кечээ, 16-декабрда Сооронбай Жээнбековдун Сауд Арабиясынын падышасы Салман бин Абдельазиз Аль Сауд менен расмий жолугушуусу анын хан сарайында болгон.



Тараптар кеңейтилген жана чакан курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп, анда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы эки тараптуу кызматташуунун келечектери талкууланды. Өлкөлөрдүн соода-экономикалык мамилелерин тереңдетүүнүн мааниси белгиленип, кыргыз-сауд экономикалык өнүктүрүү фондун түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушталган.



Ошондой эле кечээ, 16-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков Эр-Рияд шаарында Кыргыз Республикасынын Сауд Арабиясындагы элчилигинин имараттарынын жаңы комплексине анын ачылышына байланыштуу барды.

Сооронбай Жээнбеков 15-декабрда расмий визити менен Сауд Арабияга учуп кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан