Акыркы жылдары Кыргыз өлкөсүндө сейрек кездешүүчү жапайы жаныбарлардын жана канаттуулардын санынын өсүшү байкалууда. Бул тууралуу өкмөткө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги маалымдайт.
Аталган мекеме “Чоң-Кемин” мамлекеттик жаратылыш сейил багына коюлган фотокапкандардын жыйынтыгы менен ушундай жакшы көрүнүшкө келишкенин билдирет. Фотокапканга түшкөн сүрөттөрдүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, бул өзгөчө корголуучу аймакта дээрлик бардык жапайы жаныбарлардын, канаттуулардын байыр алгандыгы көрүнүп турат. Анда өлкөнүн Кызыл китебине кирген бугу, аю, суусар, орок тумшук чулдукту көрүүгө болот.
"Биотүрдүүлүктү, экосистемди коргоо, жапайы жаныбарлардын, анын ичинде ак илбирстин санын көбөйтүүгө багытталган активдүү иш-чаралар өз жемишин бере баштады десек болот. Анткени буга чейин бул аймактарда жапайы жаныбарларды кездештирүү мүмкүн эмес эле.
Мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери тарабынан ар дайым жергиликтүү жашоочуларга айлана-чөйрөнү коргоо, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө аяр мамиле кылуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен тигил же бул сейрек кездешүүчү жапайы жаныбарлардын санынын көбөйүшүнө же болбосо азайышына байкоо жүргүзүлүп турат.
Ушул жылдын сентябрь айында Мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери, жаратылыш сейил багынын кызматкерлери “Пантера” жана “Илбирс” уюмдарынын колдоосу менен “Чоң-Кемин” жаратылыш сейил багынын аймагына 10 фотокапкан орнотушкан", - деп жазылат маалыматта.
Анда белгиленгендей, “Чоң-Кемин” мамлекеттик жаратылыш сейил багынын жалпы аянты 123 миң 654 гектарды түзөт. Анда сейрек кездешүүчү жапайы жаныбарлардын 45тен ашуун, канаттуулардын 122ден ашуун түрлөрү байырлаган. Ал эми келгин куштардын саны 100дөн ашат. Жыл сайын өлкөгө 350дөн ашуун сейрек кездешүүчү жапайы канаттуулардын түрлөрү келишет.
Азыркы учурда өлкө аймагында 400дөн ашуун сейрек кездешүүчү жапайы жаныбарлардын жана канаттуулардын түрлөрү кездешет. Алардын 57 түрү мамлекеттин Кызыл китебине катталган.