Кыргыз-Тажик чек арасында кайрадан чыр чыкты. Эки тарап бири-бирине таш ыргытышкан

Кыргыз-Тажик чек арасында кайрадан чыр чыкты. Мындай маалыматты Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 18-декабрь күнү эртең мененки саат 09:30 чамасында Көк-Таш айылында Кыргыз-Тажик жарандарынын ортосунда чыр чыккан. Анда кыргыз тараптан 80ге жакын, ал эми тажик тараптан 100дөй киши чыгып, бири-бирине таш ыргытышкан. Окуя болгон жерге барган эки тараптын чек ара кызматкерлери жарандардын ортосундагы чырды токтотушкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, учурда ыргытылган таштан жабыркагандар жок.

"Башкы штабдын төрагасынын биринчи орун басары Абдикарим Алимбаев менен Тажикстандын Башкы штабынын төрагасынын биринчи орун басары Хикматулло Пираков телефон аркылуу сүйлөшүштү. Ошондой эле Абдикарим Алимбаев Кыргыз-Тажик чек арасындагы абал боюнча Баткен облусуна учуп кетти", - деп жазылат маалыматта.

Ал эми кечээ, 17-декабрда белгисиз Тажик жараны Көк-Таш айылында Кыргыз жаранын сабап салган. Жабырлануучу Баткен облустук ооруканасына жеткирилип, ага жардам көрсөтүлгөн.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Altyn.bala
2019-12-18 12:04:18
СорГонбай озу барып кыйын болуп атпады беле.Кана кыйратканы?
+11
aza84
2019-12-18 12:49:55
Altyn.bala,сокен колхозду эле башкара алса керек мындай нерселерде уну чыкпайтко.
+6
Kattaldym
2019-12-18 12:17:26
Айылынды
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан