Бүгүн, 18-декабрда "SUPER MEDIA" пресс-борборунда өткөн режиссёр Адилет Акматовдун "Шакал" драмасы тууралуу маалымат жыйында, андагы баш каармандардын бири Атай Өмүрбеков тартуу учурундагы кыйынчылыктар жөнүндө айтты.
"Негизи жакшы акча төлөп беришсе, бардык эле ролду аткара берем (ред. күлүп). Бул тасманы тартуу учурунда аябай эсте калганы ок атуу учуру болду. Тартуучу топ келип, "катуу тийип калышы мүмкүн, абайла" деп улам эскертип жатышса, денеме өтүп кетеби деп ого бетер чочулагам. Бирок анчейин деле коркунучтуу эмес экен. Ошондой эле тасманын эң башында Илим Калмуратов экөөбүз мушташкан эпизод бар. Анда да режиссёр катуураак чапкыла, чыныгы жашоодогудай мушташкыла деп жатып, экөөбүз бири-бирибизди аябай эле катуу уруп, согуп алдык", - дейт ал.