"Шакал" тасмасында роль жараткан Азиз Мурадиллаев: "Фильмде уяттуу эпизод жок, сөгүнгөн учур көп болгондуктан 18 жашка чейинкилерге көрүүгө сунушталбайт"

Бүгүн, 18-декабрда "SUPER MEDIA" пресс-борборунда режиссёр Адилет Акматовдун "Шакал" драмасы тууралуу маалымат жыйын болуп өттү.

Белгилүү болгондой, тасманын трейлеринде 18 жаштан жогоркуларга гана көрүүгө сунушталат. Мунун себебин, анда роль аткарган актёр Азиз Мурадиллаев түшүндүрдү.

"Фильмде эч кандай уяттуу эпизод жок. Болгону сөгүнгөн жана мушташкан учурлар көп", - дейт ал.

Ошондой эле боевик жанрындагы тасма менен башка жанрлардын айырмачылыгына токтолду.

"Мен роль тандабайм. Айрым гана критерийлерден баш тартышым мүмкүн. Бирок комедиябы, мелодрамабы же боевикпи айырмасы жок, эң негизгиси өзүмө берилген роль жакса, тартыла берем", - деп кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Shef87
2019-12-18 14:41:26
Сөгүнбөй тарткыла е
+4
madina.87
2019-12-18 15:05:44
Бул актер ажалдын оозунан эле бери келди эле.Сөгүнбөй,тарбиялык мааниси бар киного тартылса болмок.
+5
Mintip-menu-suybo
2019-12-19 11:43:17
Сакал мурутун алып салбайбы жудобой
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан