Декларация: Мамлекеттик кадр кызматынын башчысы Аалы Карашев 2012-жылы 907 331 сом киреше тапкан
Мамлекеттик кадр кызматынын башчысы Аалы Карашев 2012-жылы 907 331 сом киреше тапкан. Маалымат анын жылдык кирешеси жана үй-мүлкү тууралуу тапшырган декларациясында жазылган. Карашевдин 120 чарчы метр аянтты ээлеген үйү бар. Мамкызматкер унаасы тууралуу маалымат берген эмес. Ал эми жакындары былтыр 87 379 сом киреше тааптыр. Алардын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү тууралуу маалымат жок.