Алмазбек Атамбаев Үсөнбек Ниязовдун өлүмүнө шектелүүдө

Алмазбек Атамбаев УКМКнын "Альфа" атайын даярдыктагы аскердин командир башчысы Үсөнбек Ниязовдун өлүмүнө шектелүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"7-8-августта болгон Кой-Таш окуясы боюнча сотко чейинки өндүрүш иштеринин жыйынтыгында, жактоочу Сергей Слесарёвдин катышуусунда жүргүзүлгөн экспертиза, иликтөөнүн негизинде Атамбаевге "Альфа" атайын даярдыктагы аскердин командир башчысы Үсөнбек Ниязовду "өлтүрүү" беренеси (130) боюнча расмий түрдө билдирме берилди", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, 7-8-август күндөрү Кой-Таш айылында Алмазбек Атамбаевди кармоо аракеттери жүрүп, анын кесепетинен 136 киши жаракат алып, "Альфа" атайын даярдыктагы аскердин командир башчысы Үсөнбек Ниязов каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан