1 миллион сомдук товарды чек арадан аткезчилик жол менен ташып бара жаткан жарандар колго түштү

Кечээ, 16-августта кыргыз-казак чек арасынан аткезчилик жол менен товар ташып бара жаткан 5 кыргыз жараны кармалды. Чек ара кызматынын басма сөз катчылыгы билдиргендей, кармалган жарандар Хунчи айылына жакын жерден 33 боо күнүмдүк керектелүүчү товарларды Казакстанга ташып бара жатышкан. Товардын жалпы суммасы болжолдуу түрдө 1 миллион сомду түзгөн. Каттоодон өткөргөн соң жүк Ысык-Ата райондук ИИБине өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан