Бишкек ШИИБинин бөлүм башчысы, милициянын подполковниги М.А. 1000 доллар өлчөмүндө пара алгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 17-августта билдирди. Белгилүү болгондой, кармалган жаран жеке ишкерден автотранспорт каражаттарын Кыргызстанга алып келүү бизнесин тоскоолдуксуз жүргүзүү үчүн андан 1500 доллар өлчөмүндө акча каражатын талап кылган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп баштады.