15-август күнү таңкы саат 5:00 чамасында белгисиз эне жаңы төрөлгөн ымыркайын Жайыл районундагы Калинин айылындагы үйлөрдүн бирине таштап кеткени белгилүү болду. Учурда милиция кызматкерлери энени издөө иштерин жүргүзүүдө. Ымыркайды текшерүүгө алган дарыгерлер ал үй шартында төрөлгөндүгүн аныкташкан. “Баланын абалы канааттандырарлык”,- деп билдиришкен дарыгерлер. Учурда аталган факты боюнча тергөө иштери жүрүп баштады.