Бүгүн, 19-декабрь күнү ырчы, актриса Асема уулдуу болду. Асеманы куттуктап байланышканыбызда, ал SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди.
"Бүгүн саат 10:30да Бишкектеги төрөтканалардын биринде Кудайдын буйругу менен уулдуу болдук. Төрөтүм бул ирет жеңил болду. Уулубуздун салмагы 4 килограмм, бою 52 сантиметр. Азырынча атын коё элекпиз", - дейт Асема.