Япония курама командасынын футболчусу Такуми Минамино "Ливерпуль" клубуна өттү. Бул тууралуу англиялык клубдун расмий сайты билдирет.
Маалым болгондой, футболчу "Ливерпулга" 1-январдан тарта кошулат. Анын баасы 7 миллион фунттан ашты.
Минамино "Ред Булл Зальцбург" клубунда 199 оюн өткөрүп, 64 гол киргизген. Ошондой эле Бишкекте өткөн Кыргыз - Япония беттешинде Кадырбековдун дарбазасына гол жараткан.