Кыргыз ырчысы Нуржигит Субанкулов "Голос" берүүсүнүн жарым финалына өттү. Бул тууралуу ырчы SUPER.KG порталына билдирди.
"20-декабрь күнү "Голос 8" телешоусунун жарым финалы Орусиянын Биринчи каналынан көрсөтүлөт. Кудай буюрса, ал этаптан өттүм. Мындан ары биздин тагдырды СМС аркылуу добуш берүү чечет. Добушту кайсы номерге жөнөтүү керек, ал эфирден көрсөтүлөт. Андыктан элимден мени колдоп коюуңуздарды суранам", - дейт Нуржигит.
Эске салсак, Нуржигит Субанкулов Валерий Сюткиндин командасына алынган. Өткөн чыгарылышта Сюткин башка ырчыны тандап, Нуржигитти Константин Меладзе шоудон кетирбей, өз карамагына алып калган.