Үстүбүздөгү жылдын 2-кварталында Бажы кызматы тарабынан республикалык бюджетке 8 миллиард 873 700 миллион сом киреше которулган. Бул көрсөткүч болжолдонгон сумманын 94,6 пайызын түзөт. Мындай маалымат Бажы органдарынын башчыларынын 2013-жылдын 2-кварталына карата берген отчётунда айтылды. Көрсөткүч былтыркы жылдын ушул эле убагындагы менен салыштырганда 1 миллиард 605 700 миллион сомго көп.