Ырчы Дилшат Кангелдиева Коомдук каналдын "Көгүлтүр от" берүүсүнө нааразы. Буга экинчи тарап эмне дейт?

Дилшат Кангелдиева Коомдук каналдын Жаңы жылдык "Көгүлтүр от" берүүсүнө катышпай калганына нааразы болуп, социалдык баракчасына жазып чыкты. "Мен КТРКнын көркөм жетекчиси Мирлан Самыйкожого жакпайт экенмин. 1988-жылдан бери эшек такалап жүргөн кишидей эле көрөт экен. Улуттук филармонияга киргенден баштап алгачкылардан болуп чыгыш, батыш, чет өлкөнүн баарына кыргыздын маданиятын тартуулап келе жатканымды айтпай эле коёюн. Анча-мынча салым кошуп эле келе жатам. Бирок "Көгүлтүр отко" батпай калганымды айткым келди. Быйыл жаңы жетекчи келип, батпай калыпмын. Күйөрмандарыма алдын ала эскертип коёюн, программадан көрбөй калдык деп жүрбөгүлө", - деп жазган ырчы.

Бул окуя боюнча ырчы айымга кайрылганыбызда, ал кошумча маалыматтарга токтолду. "Мен Коомдук каналдын директоруна жолуккам. Ал "бизде көркөм кеңеш бар, анын жетекчиси Мирлан Самыйкожо, чечет" деди. Бир караганда активдүү иштегени деле, унутта калганы деле ырдап жатпайбы. Тизме түзүлүп калды, программа чечилип калды дешти.

Мен Мирлан Самыйкожонун "чоң" болуп калганын деле билбепмин. Тизмени сурап коёюн десем, өңү-башы бозоруп, тизме такталып калды эле деп басып кетти. Мурун чогуу эле жүргөнбүз да, ошондой көрүп эл сүйлөй берипмин. Учурунда ал программага акча берип деле чыгып жүргөнбүз. Былтыр деле маселе жаралып жатып катышкан элем", - дейт Кангелдиева.

Ал эми Коомдук каналдын көркөм кеңешинин төрагасы, "Маалымат" студиясынын продюсери Мирлан Самыйкожо окуя тууралуу өз пикирин билдирди.

"Учурда "Көгүлтүр от", "Ретро дискотека", айтор, Жаңы жылдык программалар тартылып жатат. Программага кимдер катышары аныкталып бүткөн. Жаңы жылдык көрсөтүүгө кимдер катышат, кимдер катышпайт, Көркөм кеңеш аркылуу өтөт. Быйыл мен Жаңы жылдык көрсөтүүлөр үчүн атайын жобо жазып чыккам. Анда 2019-жылдан бери чыгармачылык менен изденип, жаңы чыгармаларды жаратып, жаңы клиптерди тартып, өзгөчөлөнө алгандарды программага кошобуз деп чечкенбиз. Анткени көрүүчүлөр деле "бул былтыр эле ушул ырын ырдабады беле. Кайра эле ошол ырды кайталап ырдай береби? дешет да. Азыр Асанкалыйдын, Рыспайдын ордун баскан жаңы таланттар чыгып жатат. Алар жанталашып акча коротуп чыгармачылыгын өнүктүрүп, эл аралык сынактарга катышып жатса, эмнеге аларды чыгарбай башканы чыгарышыбыз керек? Кыргыз ыр жандуу эл, өлкөбүздө 800 ырчы бар экен. Ар бирине чалып, сиз кандай иштедиңиз эле деп сурап чыга албайбыз да. Алар активдүү болуп, өздөрүн көрсөтүшү керек болчу. Дагы кошумчалай турган нерсе, программага эч ким акча берип чыккан жок. Эгер ким акча берди дегенди укса мага кайрылсын", - дейт Мирлан мырза.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Tynar1213
2019-12-20 16:57:23
Ушундай ырчы бар экенин биринчи жолу угушум
-11
Store
2019-12-20 16:59:16
Дилшад эжеке, болдуда эми орунду бошотта жаштарга, минткенмин-тигинткенмин, деп өзүңдү-өзүң мактабай, сени эл макташ керек. Чындап эле жаңы ырларың жок, мурдагы тажатма ырларың менен чыгасыңбы? Короче Мики брат туура кылган.
+13
Kyrgyz_bloger
2019-12-20 17:17:29
Интернеттин онуккон заманында КТРКны ким корот билбейм интернет жакшы тартпаган жактарда анан кары картандар эле корсо керек,жанылыктарын айтпай эле коеюн жалган кошоматчылык,Мирлан Самыйкожо издениш керек жаны ырларды чыгарыш керек дептир,инстаграм онуккондон бери бут эле ырчылар жаны ыр чыгарбай эле сурот жуктоо менен убара го,2019 бир дагы ырчы жакшы иштеди деп айта албайм,заманыбыздын кыйраткан ырчысы деген Нурлан Бек Борбиевтин ырларын ырдап откорду бул жылды Бек байкеге эл артисти наамын б
+27
Tiken
2019-12-21 11:08:08
Kyrgyz_bloger, 100% туура айтыпсыз!!!
+8
forever88
2019-12-20 18:02:30
Асанкалый, менен Рыспай агаларыбыздын десе кичине маданияттуурак болот беле. Дагы кошумчалай кетчуп нерсе, алардын ордун басчу жаш талантарды ковбой элемин
+14
karona12
2019-12-20 18:49:00
Эски ырчылар анда санда жаны ыр жаздырып койгула да,чынында эле эски ырынарды ырдап эле катыша бересинер.
+8
KG.Kushtarbek
2019-12-20 19:43:03
Когултур отко куйуп кетесинерго бир кун
+4
Mamiev
2019-12-20 19:45:06
Мирлан кожо деген ХХХХХ киши окшойт. Акындарды дагы тандап болуп турат казактар га көп тартат. Экинчиден Асанкалый Рыспай агаларыбыздын ордун эч бир ырчы баса албайт андай таланттар кылымда жаралат. Сапаттуу ырчылар аз бизде. А Дилшат эже бир эле сиз эмес катышпагандар толтура болсо керек, ызы чуу кылбай эле коюн да бирде катышсаныз бирде катышпай калас
+9
aminali
2019-12-20 20:29:32
Ошо да , кечкээ эле эски ырларды бири бириндикин ырдап чыгып тажаттынар( соз ээлерин табат, Дилшат эжеге эмес). Жаны идеа, жаны ыр жок, бир гана Ойнотуп бизди жетелеп деген ыр, анан Ажырашсак сага да мага, деген укулуктуу. Калганы туурамай, айлабыз кетсе коншулардыкын которуп чыгабыз.
+1
AksyKum
2019-12-21 10:18:50
Дилшат эже эч кыжалат болбон эч Ким сизди чыкпай калды деп капа болбойт.Мирланга суроом Асанкалый,Ырысбай агаларыбыз менен классташсынбы
+1
Tiken
2019-12-21 11:05:28
Дилшат айым «Когултур оттон» деле башка программалар бар го... Эми албетте, олкодогу жаны жылдык негизги программа болгону менен ырынан чыры коп, интригага бай беруу болуп жатат. Сизде жетишээрлик, а тугул ашыгы мн атак-данкыныз бар!!! Мирлан Самыйкожо кезинде Аалы Туткучев агайга да ушул ондуу он-тетири, касапчылык мамилесин сахнадан корсотконун билебиз, КТРК Шакирова Роза айымды да ушул программага кошпой чуу жаралып жаткан. Демек, коррупция КТРКдан башталып Ак уйдон бутот!!!
+2
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-12-21 11:06:49
Бул аял акыркы жылдары чуусу менен таанымал
-1
Baku88
2019-12-22 00:31:33
Когултур отту жоюп эле салгылачы ырчыларды ызылдатпай. Жыл сайын бироосу чыгат мени кошподу деп. Эч ким деле корбойт когултур отту.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан