19-декабрь күнү Бишкектеги "Асанбай" центрде Гүлзада Рыскулованын жеке концерти болуп өттү. Гүлзада айымдын концертине ырчылардан Баястан менен Бегиш конок катары келип, үчөө трио аткарышты. 3 саат бою жандуу обон созгон Гүлзаданын концертинин сахна жасалгасы, даярдыгы өзгөчө экени байкалып турду. Алмаз Шер концертке алпаруучу болгону менен, ырчы айым өзү деле ырларынын тарыхын айтып, эл менен баарлашып жатты. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаева, саясатчы Өмүрбек Текебаев, депутат Жанар Акаев, Япониянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Сигэки Маэда, Улуу Британиянын Кыргыз Өлкөсүндөгү элчиси Чарльз Гарретт, түрк элчилигинен келген коноктор жана башкалар сахнага чыгып, Рыскуловага куттуктоо сөздөрүн айтышты. Гүлзада Рыскулова Жогорку Кеңештин ыраазычылык каты, даанышмандар ассоциациясы тарабынан даанышман ордени менен сыйланды.
"Жеке концертимди өткөрүү үчүн көп даярдандым. Концерт койгон - толгонуп, баланы жарыкка алып келген сыяктуу эле. Бүгүн толгонуп, чыгармаларымды элге сунуштадым", - дейт ырчы айым.