Чүй облусунун Кант шаарында компьютер жарылып кетип, 15 жаштагы өспүрүм күйүк алып, каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 19-декабрда болгон.
"Өспүрүм Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун күйүк бөлүмүндө дарыланып жатып бүгүн, 20-декабрда каза болду. Маркумдун денесинин көп бөлүгү күйүк алган", - деди басма сөз кызматынан.