Бишкекте футбол борборун курууга жер бөлүп берүү маселеси каралууда. Футбол борбору ФИФАнын гранттык каражаты менен салынат. Бирок жер маселеси ушул жылдын 31-декабрына чейин чечилбесе, ФИФА футбол борборун башка өлкөгө курат дейт Футбол федерациясынын башкы катчысынын орун басары Нурдин Букуев.
- Бишкекте футбол борборун куруу маселеси качан көтөрүлүп баштаган?
Бишкекте футбол борборун куруу маселеси менен ФИФАнын атайын программасы аркылуу гранттык каражат бөлүп берүүсү боюнча иштерди Футбол федерациясы бир канча жылдар бою иштеп келди. 2017-жылы Ошто футбол борбору ачылган. Эми ушундай борборду Бишкекте куруу үчүн жер маселеси турууда. Борбордун курулушуна каражат толугу менен ФИФАнын грантынан болот. Биз тарап болгону ылайыктуу жер бөлүп беришибиз керек. Негизи бизге ФИФА убакытты 30-августка чейин берген эле, бирок биз сүйлөшүүлөрдүн негизинде 31-декабрга чейин узарттык. Эми ушул убакытка чейин жер маселеси чечилип, иш башталбаса анда ФИФА грантты коңшу өлкөлөргө берип коюшу мүмкүн.
- Футбол борбору курулуп калса, мэрияга караштуу болобу?
- Бул маселени карап көрсөк болот. Бишкектин түштүк тарабынан 8 гектар сурап жатабыз. Анткени футбол борбору жашоочуларга жеткиликтүү болушу керек. Борбор салынып бүтсө, мэрияга караштуу же болбосо эки тарап тең бирдей караса болот. Алсак, Оштогу футбол борборун мэрия Футбол федерациясынын карамагына өткөрүп берген. Аны толугу менен каржылоо иштерин федерация алган.
- Футбол борбору канча балага ылайыкталып курулат?
- Мунун стандарты бар. Борбордо 5 миң кишиге ылайыктуу стадион, 4 кичи стадион, медициналык борбор жана башкалар чогуу курулат. Азыркы эсеп боюнча борбор курулуп калса, анда 5 миңге ылайык жаш футболчулар тарбиялана алышат.