"Тилек Темиралиевдин "Бол жанымда" ырынын клиби аркылуу байлыкка караганда, сүйүү маанилүү экенин көрсөттүк" дейт менеджери

Бүгүн, 20-декабрда "SUPER-MEDIA" маалымат борборунда чыгармачылыкка жаңыдан кадам таштаган ырчы Тилек Темиралиевдин "Бол жанымда" деп аталган ырынын клибинин бет ачары болуп өттү.

Жаш ырчынын менеджери Максат Анарбек бул клипте сүйүүнү даңазалоону туура көрүшкөнүнө токтолду.

"Коомчулукта сүйүүгө караганда, байлыкка азгырылгандар көбөйдү деген түшүнүк жайылып кеткен. Биз сүйүшкөндөр бактылуу болсо, байлык же башка адамдардын көз карашы маанисиз. Мындан улам клип өзү чыныгы окуядан алып тартылды", - деди ал.

Сөз Темиралиевдин атасына берилип, ал уулунун ийгилигине кубанып жатканын белгиледи.

"Абдан толкунданып турам. Ийгилик каалайм", - деди.

Тилек Темиралиев бул күндү чыдамсыздык менен күтүп жүргөнүн айтып, чыгармачылыгынын жакшылыгына келгендерге дасторкон жайып, тосуп алды. Жаш ырчынын бул кубанычын бөлүшүү үчүн агалары, достору, атасы, чыгармачылыктагы замандаштары жана клиптин жаратуучулары келип катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
kushu_bek
2019-12-20 18:26:30
Ким бул?
0
Muzik
2019-12-20 19:01:25
Кана ыры ?
0
Bulak25
2019-12-20 22:40:07
Абдан таланттуу бала экен
Ийгилик каалайм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан