Ош шаардык ооруканасынан из жашырып кеткен Алмаз Калдыбаев Бишкектен табылды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Изделип жаткан жаран 17-декабрь күнү болжол менен саат 13:00 чамасында Ош шаардык ооруканасынын нейрохирургия бөлүмүнөн изин жашырып кеткен. Ал Жазык кодексинин 202-беренеси "каракчылык" менен шектүү катары кармалган.