17-августта Жалал-Абад облусунда чек арачылар менен жергиликтүү жашоочулардын ортосунда жаңжал чыкты. Маалыматка ылайык, чек арачылар Өзбекстандан Кыргызстанга, тактап айтканда, Аксы районундагы Мамай айылына бара жаткан автоунааны токтотушкан. Текшерүүгө алышканда унаанын ичинен аткезчилик менен алынып келе жаткан 2 тоннадай жез табылган. Көп өтпөй окуя болгон жерге 30дай жергиликтүү тургун чогулуп, чек арачылардан кармалган жарандарды бошотууну жана жүктү берүүнү талап кылышкан. Ал жерге жергиликтүү милиция кызматкерлери да келишкен. Өздүк булактардын маалыматына ылайык, милиция кызматкерлери чогулгандардын аракетине каршы эч кандай чара кабыл алышкан эмес. Топтолгон жашоочулар чек арачыларды курчоого алышып, кармалган жаранды жана жезди алып кетишкен. Учурда иликтөө жүрүп жатканы айтылды.