Бишкекте зер буюмдарды,1000 доллар жана 24 миң сомду уурдоого шектелген жаран кармалды. Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдиргендей, шектүүнү Улуттук гвардиянын аскер кызматкери колго түшүргөн.
"12-декабрда Ленин РИИБине Т.Н. аттуу жаран кайрылган. Ал кечки саат 20:20 чамасында Жал кичи районунда жүргөндө белгисиз жаран анын сумкасын алып качканын айткан. Сумканын ичинде зер буюмдар, 1000 доллар жана 24 миң сом болгонун билдирип, ууруга карата чара көрүүнү өтүнгөн.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 201-берене (уурулук) менен катталып, сотко чейинки өңдүрүшкө алынган.
Тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, Улуттук гвардиянын аскери А.А. окуя катталган аймакта болгон. Ал аялдын жардам сурап жатканын көрүп, сумканы алып качкан жаранды кармаган. Кылмышка шектүү катары кармалган жаран 1993-жылы туулган А.М. болгон. Улуттук гвардиянын аскери кармалган жаранды милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.
Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда анын мындан башка дагы кылмыш иштерине катыштыгы бар же жок экендигин аныктоо үчүн тергөө амалдары улантылып жатат", - деди маалымат кызматынан.