Бишкекте №7 багытындагы автобустун айдоочусу 11 жаштагы окуучуну жол кире төлөбөгөндүгү үчүн аялдамадан түшүрбөй койгон. Бул тууралуу окуучунун апасы 20-декабрда айтып чыккан. Көп өтпөй Бишкек мэриясы айдоочу иштен алынарын билдирген.
Чүй ОИИББинин маалымат кызматы бүгүн, 21-декабрда жогорудагы окуя боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылганын маалымдады.
"20-декабрда айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган маалыматтарга ылайык, айдоочу окуучуну аялдамадан түшүрбөй 1 жарым чакырым алыс жерден түшүргөн. Окуучу акчасын жоготуп алгандыктан жол кире төлөй албагандыгы маалымдалган.
Мындан тышкары, айдоочу окуучуну сыртка чыгарбай аны урушкандыгы айтылган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 172-берене менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат", - деди басма сөз кызматынан.