Дагы бир медаль! Дзюдочу Асад Масабиров эл аралык мелдеште экинчи орунду багындырды

Кыргыз дзюдочусу Асад Масабиров Кувейтте өтүп жаткан эл аралык мелдеште күмүш медаль тагынды.

Белгилүү болгондой, Асад Масабиров 73 килограмм салмак ченинде күч сынашты. Алгач ал кувейттик, андан кийин Бириккен Араб Эмираттарынан келген атаандаштарын жеңип финалга жолдомо алды.

Чечүүчү турда Масабиров кувейттик дзюдочу менен кез келип, атаандашына жеңилип калды. Муну менен кыргыз дзюдочусу күмүш медалдфн ээси болду.

Мелдеш 20-декабрда Эль-Кувейт шаарында старт алып, оюндун биринчи күнү 7 медаль ойнотулду. Анда Айбек Кубанычбек уулу 66 килограмм салмак ченинде күч сынашып алтын медаль тагынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан